www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Бишкек — Ош автожолунда эки бензовоз кырсыктап, өрттөнүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Окуя болгон жерде тартылган видеолор "Короче" Тelegram-каналына жүктөлдү.

Биринчи окуя Токтогул районундагы Чычкан капчыгайында катталды. Бишкек — Ош унаа жолунун 239-чакырымында күйүүчү май ташыган оор жүк ташуучу унаанын прицеп-цистернасынан өрт чыккан."Өрттү өчүрүүгө саат 12:19да Токтогул райондук №97 Өрт-куткаруу кызматынан бир бөлүм тартылган. Бирок от куураган чөпкө өтүп кеткендигине байланыштуу кошумча 24 куткаруучу, Токой чарбачылыгынан тогуз кызматкер тартылган. Унаалардын өтүүсү жол инспекторлору тарабынан көзөмөлдөнүүдө", — дешти ӨКМден.

Экинчи кырсык Ала-Белде болгон. Саат канчада жана кандай жагдайда болгону такталып жатат. Азырынча өрттөнгөн автоунаанын ичинде бир адам каза болгону белгилүү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости