www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиялык окумуштуулар коронавируска каршы эмдөө ыкмаларын табышып, майда жандыктарга жана адамдарга эмдөө боюнча сыноо жүргүзүшүп бүтүп, COVID-19га каршы Гамалей атындагы Илимий Изилдөө Борбору даярдаган биринчи вакцина мамлекеттик каттоодон өтөөрү күтүлүп жатат. Бул вакцинага 50 ыктыярчылар текшерүүдөн өтүп жакшы натыйжа берген. Андан тышкары Новосибирскиде «Вектор» борбору вакцинаны текшере баштады. Роспотребнадзордун билдиргенине караганда вакцинанын дозасын алгандар өздөрүн жакшы сезишүүдө. Азырынча бул вакцинаны үч гана адам алган. «Вектор» вакциналардын клиникалык текшерүүлөрүн жакында аяктап, каттоодон өтөт. Так бул көрүнүш Ванганын айтканына дал келди.

Ванганын алдын ала божомолдоп айткандарынына өзүңүздөр баам салып көрүңүздөр.

“2019-жылы дүйнөдө чума оорусу башталат».

“2020-жылы көпчүлүк адамдар чума ооруларынан жабыркашат. Ушул жылы бул ооруга каршы дары табылат».

 “2022-жылы Кытай дүйнөлүк державага айланат”.

“2023-жылы Жердин орбитасы өзгөрөт”.

“2028-жылы энергиянын жаңы булагы табылат. Венера планетасына жөнөтүлүүчү космикалык кеме старт алат”.

“2033-жылы уюлдук муздар ээрип, дүйнөлүк океандардын деңгээли көтөрүлөт”.

“2036-жылы Европада эл азая баштайт”.

“2038-жылы көпчүлүк адамдар тери ооруларынан жабыркашат (химиялык согуштун натыйжасы)”.

“2043-жылы дүйнөлүк экономика дүркүрөп өсөт. Европаны мусулмандар башкарышат”.

“2046-жылы адамдагы бардык органдарды өстүрүп алса боло турган мезгил келет. Башкача айтканда, органды алмаштыруу дарылоонун эң мыкты ыкмасы болуп калат”.

“2051-жылы радиоактивдик жаан-чачындын натыйжасында жер шаарынын түндүк жарымында жаныбарлар да, өсүмдүктөр да калбай калат, кийин мусулмандар европалыктарга каршы химиялык согуш башташат”.

“2066-жылы мусулмандар Римге кол салып жатканда АКШ жаңы климат өзгөртүүчү курал-жарак колдонот. Ушул учурда жер бетинде кескин түрдө суук түшөт”.

“2088-жылы оорунун жаңы түрү – бир нече көз ирмемде картайып кетүүчү оору пайда болот”. 10 жылдан кийин анын дарысы табылат”.

“2111-жылы адамдар киборгторго айлана башташат (тирүү роботтор)”.

“2130-жылы – суу алдында колониялар пайда болот (инопланеталыктардын кеңеши менен)”.

“2164-жылы – шумдуктуудай жаныбарларды жарым-киши кылып жарата башташат”.

“2170-жылы – ири кургакчылык болот”.

“2196-жылы – азиат менен европалыктар толугу менен аралашып, ортодогу айырма таптакыр билинбей калат”.

“2256-жылы – космикалык корабль Жерге коркунучтуу бир ооруну алып келет”.

“2291-жылы – Күн өчө баштайт. Аны кайра жандандыруу аракеттери көрүлөт. Күндө ири “дүрт” этип күйүүлөр болот. Тартылуу күчү өзгөрөт. Эски космикалык станция менен кемелер кулай баштайт”.

“2371-жылы дүйнөнү улуу ачарчылык каптайт”.

“3854-жылы адамдар жаныбарларга окшоп, үйүр-үйүр болуп тирилигин өткөрө баштайт. Жерге жаңы пайгамбар келет”.

“4509-жылы адамзат өнүгүүнүн жеткен чегине жетип, Кудай менен баарлаша баштайт. Бара-бара адамдар өлбөс болуп, түбөлүктүү болушат”.

Ванганын пикири боюнча, адамзатты келечекте ушундай турмуш күтүп жатат. Алдын ала эле айтып коёлук, Ванганын оозунан чыккан сөз дал өзүндөй болуп бизге жеткен эмес. Анын айткандарын айланасындагылар жазып алышкан, анан албетте, ал адамдар өздөрүнүн түшүнгөнүнө жана билимдерине жараша кайра элге жеткизишкен. Ванганын мындай олуялыгына ишенсек, анда, Орусия менен жакын карым-катнашы бар Кыргызстан үчүн да жаман болбос. Себеби, азыр Орусияда биздин миллионго чукул жердештерибиз иштеп, Кыргызстанга тыйын-тыпыр салып турганын баарыбыз билебиз. Кыргызстандын экономикасы алардын тапканы менен кубаттанып турат деп ачык эле айтабыз. Демек, Орусиянын бакубаттуулугу өз кезегинде биздин республикабызды да бакубаттуулукка чакырып, оптимисттик маанайга үндөсө, анда Кыргызстан үчүн да 2020-жыл жакшы жылдардан болот экен деп жыйынтык чыгара алабыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости