www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу өлкөнүн түштүк-чыгышындагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 46 миңге жакындап калганын билдирди.

"Каза болгондордун саны 45 миң 968ге жетти. Алардын 4 миң 267си Сириянын жарандары", — деди түрк министри.

Ал белгилегендей, биринчи жер титирөөдөн бери республикада 13 миңден ашык жер титирөө болгон.

Министрдин айтымында, 26 миң 300 имарат урап, бул имараттардын дээрлик бардыгында издөө-куткаруу иштери жүргүзүлгөн.

Эске сала кетсек, 6-февралда Түркиянын түштүк-чыгышында күчү 7,7 жана 7,6 баллга жеткен жер титирөө катталып, ири чыгымга учураган. 45 миңден ашуун адам кырсыктын курмандыгы болду. Түркияда болгон жер титирөөдөн кийинки силкинүүлөр Сирия, Иран жана башка жакынкы өлкөлөрдө да жетти.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости