www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында Ош эл аралык аэропортундагы жаңы аэробекет комплексинин курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Жаңы комплекстин курулушуна 2025-жылдын 14-февралында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда капсула салынган. Долбоордун жалпы аянты 25 443 чарчы метрди түзөт. Имарат алты корпустан, эки кабаттан жана жер төлөдөн турат.

Аэробекет жылына 5 миллиондон ашык, ал эми саатына 900 жүргүнчүнү тейлөөгө ылайыкталган. Комплексте заманбап каттоо зоналары, кеңири күтүү залы, фуд-корт, эс алуу жайлары жана 650 унаага эсептелген унаа токтотуучу жай каралган.

Министр курулуш иштерин жеринен көрүп, тиешелүү жетекчилерге иштерди белгиленген мөөнөттө сапаттуу жана ыкчам бүтүрүү, долбоордук чечимдерди жана заманбап курулуш стандарттарын сактоо боюнча тапшырмаларды берди.

Долбоор Курулуш министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаменти тарабынан иштелип чыккан. Башкы подрядчы — «Кыргызкурулуш» мамлекеттик ишканасы.

Белгилей кетсек, Ош эл аралык аэропорту 1974-жылы курулган.

Последние новости