www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 29-сентябрда Ош шаардык Кеңешинин кезектеги XXII сессиясы өтүүдө.
Ага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык Кеңештин төрагасы Болотбек Баетов, депутаттар, мэриянын өкүлдөрү жана тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери катышууда.
Сессиянын күн тартибине шаардын 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы социалдык-экономикалык абалы жана жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, муниципалдык базарларда ишкерлерге түзүлгөн шарттар, ошондой эле жылуулук-энергетикалык комплекстин күз-кыш мезгилине даярдыгы боюнча маселелер киргизилген.
Мындан тышкары, коомдук транспорттогу жол кире тарифтерине өзгөртүү киргизүү, көрүстөндөрдө көмүү жайларын брондоо үчүн кошумча кызматтардын коэффициентин бекитүү, Ош шаарынын туусун кабыл алуу маселелери каралууда.
Ошондой эле шаардагы диний мекемелердин абалы, саламаттыкты сактоо тармагындагы иштер, муниципалдык ипотекалык ишкананын ишмердүүлүгү, айрым географиялык объекттерди атоо жана кайра атоо боюнча сунуштар талкууланууда.
Сессияда жергиликтүү коомдоштуктун жыйынын өткөрүү, участкалык шайлоо комиссияларынын резервдери, шаардык Кеңештин туруктуу депутаттык комиссияларынын жана Президиумунун курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү маселелери да каралат.
Жыйындын жүрүшүндө шаарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү, коммуналдык кызматтар, коомдук транспорт, саламаттыкты сактоо, турак жай жана шаардык инфраструктурага байланыштуу бир катар маселелер талкууланууда.