www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Диктор Тамара Жаманбаевага жазылган некролог

Кыргыз Республикасынын эл артисти Жаманбаева Тамара Кусеиновна дүйнө салды. Президенттин администрациясы анын некрологун жарыялады.

28-сентябрда 85 жаш курагында Кыргыз Республикасынын эл артисти, СССРдин телевидение жана радио отличниги, СССР Журналисттер союзунун мүчөсү, «Эмгектеги каармандыгы үчүн» жана «Даңк» медалдары менен сыйланган белгилүү диктор Тамара Кусеиновна Жаманбаева дүйнөдөн кайтты.

Ал 1942-жылдын 14-майында Нарын шаарында төрөлгөн. Эмгек жолун 1959-жылдын 15-сентябрында Фрунзе телестудиясына диктор болуп ишке кирүү менен баштаган.

1968-жылы борбордук телевидениенин сынагында жеңишке жетип, «Советтер Союзунун мыкты диктору» наамына татыган. Ошол эле жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин журналистика адистиги боюнча аяктаган.

1974-жылдан 1988-жылга чейин директордун телеберүүлөр боюнча орун басары кызматын аркалап, андан кийин кино жана илимий программаларды даярдоо, ошондой эле борбордук телевидение жана радио үчүн берүүлөрдү уюштуруу редакциясынын башкы редактору болуп иштеген. Бул мезгилде борбордук телевидениенин эфиринен көрсөтүлгөн үч телефильмдин автору болгон. Ал даярдаган программалар эл аралык сынактарда ийгиликке жетишкен.

1988-жылы Ош облустук телевидение жана радиоберүү комитетинин башкы редактору, ал эми 1991-жылы аталган комитеттин төрайымы болуп дайындалган. 1994-жылдын 29-июнунда Кыргыз Республикасынын Телевидение жана радиоберүү боюнча мамлекеттик комитетинин вице-президенти болуп дайындалган.

Анын демилгеси менен «Кутман күнүң менен, Кыргызстан!» таңкы программасы түзүлүп, ал улуттук телеэфирде жаңы багыттын калыптанышына негиз болгон.

1995-жылдан тартып он жыл бою «Замана» студиясынын продюсери, «Ибарат» бирикмесинин башкы редактору, ошондой эле Кыргыз телерадиокорпорациясынын Окуу борборунун директору болуп эмгектенген.

2010-жылдан тартып Махмуд Кашкари-Барскани атындагы Чыгыш университетинин журналистика кафедрасында сабак берип, ага профессор наамы ыйгарылган.

2003-жылы анын «Жашадым, эмгектендим, күрөштүм, жапа чектим, бирок жеңилген жокмун», ал эми 2009-жылы «Телевидение – менин өмүрүм» аттуу китептери жарык көргөн.

С.Н. Жапаров, М.А. Маматалиев, А.А. Касымалиев, С.Ш. Жээнбеков, Р.И. Отунбаева, А.К. Койчиев, Таалайбек кызы Жылдыз, У.Э. Маматканов, А.С. Кадыралиев, М.К. Укушев, Б.Р. Зулпиев, Ы.Ы. Атажанов,  У.Б. Бакасов, К.К. Самаков, Г.Т. Исаматова, М.К. Мамбеталиев, М.К. Кожоев, Н.Б. Сатаров, А.А. Жумагулов, М.Ш. Шеримкулов,  У.А. Сатиев, И.А. Балташев, Г.Ж. Байтерек, С. Токтакунова, К. Сартбаева, Р.Н. Чокоева, М.М. Мамбетакунов, К.О. Иманалиев, Г.А. Молдоева, М.А. Бегалиев, А.А. Алдашева, Т.Т. Казаков, А.М. Матисаков, С.Ж. Мусаев, К.С. Молдокасымов, К.Т. Оторбаев ж.б.

Последние новости