www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавируска каршы турган 48 медицина кызматкери Ысык-Көлгө ден соолугун чыңдаганга жиберилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, тизмеге Чүй облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун, Бишкектеги №1 шаардык клиникалык оорукананын, Биринчи май жана Ленин районунун бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борборлорунун, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун жана Улуттук хирургия борборунун кызматкерлери киргизилди.

Ак халатчандардын эс алуусу бир жумага созулмакчы. Алар "Эне-Сай" (мурунку "Дилорам") пансионатына жайгаштырылат.

Министрлик коронавирус менен күрөшүүгө тартылган медиктердин ден соолугун кезеги менен чыңдоо уланып жатканын белгиледи.

Эске сала кетсек, буга чейин өкмөт башчы Кубатбек Боронов президенттин тапшырмасы менен Ысык-Көлдөгү пансионаттарда 130 медик эс алып келсе, дагы 170и эс алып жатканын айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости