www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Такси жана курьердик кызмат көрсөтүү тармагында 110 миң адам расмий иштеп жатат. Бул тууралуу 28-сентябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков билдирди.

Анын айтымында, 2025-жылдын 1-сентябрынан тартып бул тармакта салык төлөөнүн жаңы механизми иштей баштаган. Ага ылайык, агрегаторлор аркылуу киреше тапкан жеке жактар 1% киреше салыгын жана 1% камсыздандыруу төгүмүн төлөшөт.

Камсыздандыруу төгүмдөрү жарандардын келечектеги пенсиясын эсептөөдө эске алынат.

Ысабековдун маалыматы боюнча, 2026-жылдын жети айында такси жана курьердик кызмат көрсөтүүчүлөр 231 млн сом киреше салыгын жана 231 млн сом камсыздандыруу төгүмүн төлөшкөн. Жалпы түшүм 462 млн сомду түзгөн.

Учурда Салык кызматы бул багытта 11 компания менен иш алып барууда. Алардын арасында «Яндекс Такси», «Жорго Такси», «WB Такси», «Байбол Такси», «Аргымак Такси», «Додо Пицца», «Яндекс Go» жана башка кызматтар бар.

Жаңы механизмдин максаты — такси жана курьердик кызмат көрсөтүүчүлөрдү расмий ишке тартуу жана салыктык төлөмдөрдү жөнөкөйлөтүү.

Последние новости