www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Түркияда болгон эки катуу жер титирөөдөн 40 миң 642 адам каза болду. Бул тууралуу 18-февралда Анкарада өткөн брифингде Түркия өкмөтүнө караштуу Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу департаментинин (AFAD) башчысы Юнус Сезер билдирди. 

Анын айтымында, кырсык болгон аймакта издөө-куткаруу иштери бүгүн, 19-февралда аяктады.

Сезер жер титирөөдөн жабыркаган аймактардын турак жай фондунун 50 пайыздан ашыгын көзөмөлдөө иштери аяктагандыгын билдирип, 430 миңден ашуун адам кырсык болгон аймактан эвакуацияланганын айтты.

Эскерте кетсек, 6-февралда Түркияда күчү 7 баллдан ашкан эки жер титирөө катталган. (жергиликтүү убакыт боюнча саат 04:17де – 7,7 жана 13:24тө – 7,6).

Президент Режеп Тайып Эрдоган Түркияда табигый кырсыктын курмандыктарына жети күндүк улуттук аза күтүү жарыялады. Түркиянын улуттук желектери өлкө боюнча жарым ылдый түшүрүлдү.

Кыйратуучу жер титирөө Сирия, Ливан, Түндүк Кипр Түрк Республикасы, Кипр Республикасы жана Ирак баш болгон коңшу өлкөлөрдө да болуп өттү. 

Последние новости