www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте 5 тонна эндик тамыры жок кылынды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы буга чейин Бишкек шаарынын Пригородное айылында табылып, алынган эндик (Macrotomia) өсүмдүгүнүн тамырларын жок кылды. Тамырды өлкөдөн тышкары алып чыгууга даярдап жатышкан.

Жаратылыш ресурстары министрлигинен билдиришкендей, эндик тамырынын жалпы көлөмү 5 тоннаны түзгөн. Соттун чечимине жана экологиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алар жок кылынды.

Эндик тамырын жок кылуу иш-чарасы тиешелүү комиссиянын катышуусунда Бишкек санитардык полигонунун калдыктарды кайра иштетүүчү заводунун аймагында өткөрүлдү. 5 тонна эндик тамыры толугу менен өрттөлүп, жок кылынды.

«Эндик Кыргызстандын сейрек кездешүүчү жана баалуу жаратылыш ресурстарынын бири болуп саналат. Бул өсүмдүктү мыйзамсыз казуу, чогултуу жана сатуу жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузуу болуп эсептелет жана мыйзамда каралган жоопкерчиликке алып келет. Эндик тамыры дарылык касиетке ээ жана элдик, салттуу медицинада колдонулат. Ошондой эле өсүмдүк тоо экосистемасынын тең салмактуулугун сактоодо жана топурактын эрозиясын алдын алууда белгилүү бир ролду ойнойт», - деп эскертишти Жаратылыш ресурстары министрлигинен.

Последние новости