www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик ипотекалык компанияга Кант шаарынан көп кабаттуу турак үйлөрдү долбоорлоо жана куруу үчүн 60 гектар жер тилкеси берилди. Тиешелүү токтомго Минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Жер тилкеси № 3 контурда жайгашкан жана мамлекетке таандык. МИК аны «Менин үйүм» турак жай программасынын алкагында мөөнөтсүз пайдаланууга алды.
Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттикке компаниянын жерге болгон укугун каттоо тапшырылды.
Токтомдо канча үй жана батир куруу пландалып жатканы, долбоорду ишке ашыруу мөөнөттөрү жана анын баасы көрсөтүлгөн эмес.
Документ он күндөн кийин күчүнө кирет.