www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түндүк – Түштүк альтернативдүү унаа жолунун сел түшкөн тилкелеринде тазалоо жана жолду кеңейтүү иштери улантылууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Жолдорду тазалоо иштери №31 Жол эксплуатациялоо мекемесинин кызматкерлери тарабынан ыкчам жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, 4-июлда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Түндүк–Түштүк альтернативдүү унаа жолунун айрым тилкелерине сел түшүп, жол убактылуу жабылган.

Жерине министрликтин атайын техникалары ыкчам тартылып, жолду селден тазалоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлгөн. Натыйжада кечээ кечинде унаалар үчүн каттам калыбына келтирилген.

Министрлик айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин так сактоого, оңдоо иштери жүрүп жаткан тилкелерден өтүүдө ылдамдыкты төмөндөтүп, этият болууга чакырат.

 

Последние новости