www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Instagram социалдык тармагында «Бул Бангладеш эмес – бул Бишкек» аталышындагы видео жарыялангандан кийин Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы ыкчам чараларды көрдү.
Министрликтин маалыматына ылайык, видео тарагандан кийин тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар менен биргеликте тазалоо иштери уюштурулуп, көрсөтүлгөн аймак бекитилген планга ылайык толугу менен тазаланды.
Мындан тышкары, мыйзам бузууга жол берилген жагдайлардын себептерин аныктоо, күнөөлүү адамдарды тактоо жана алардын аракеттерине укуктук баа берүү боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.
Министрлик эскерткендей, уруксат берилбеген жайларга таштанды таштоо жана айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн мыйзамга ылайык 23 миң сомго чейин административдик айып пул салынат.