www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Францияда аптаптуу ысыктан улам кондиционер жана желдеткич үчүн кезекке турган жарандар арасында мушташ чыкты.

BBC маалымдагандай, өлкөдө муздатуучу техникаларга болгон суроо-талап кескин өсүп, айрым соода түйүндөрүндө сатып алуучулар арасында түртүшүүлөр жана башаламандыктар катталды. Арзандатуу жарыяланган дүкөндөрдүн алдында жарандар ачыла электе эле узун кезекке туруп алышкан. Айрым жерлерде полициянын кийлигишүүсүнө туура келген учурлар да болгон.

Жогорку суроо-талаптан улам айрым соода түйүндөрү кондиционерлер менен желдеткичтерди бир адамга чектелген санда сата баштады.

Белгилей кетсек, Францияда июлдун башынан бери абанын температурасы айрым аймактарда 40 градустан ашууда. Синоптиктер ысык аба ырайы дагы бир нече жумага созулушу мүмкүн экенин билдиришти. Бийлик тургундарды күндүн ысыгында сыртта көп жүрбөөгө жана көбүрөөк суу ичүүгө чакырууда.

 

Последние новости