www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Социалдык келишим» программасынын алкагында расмий жумушсуздарды ишке алган ишкерлерге ар бир кызматкер үчүн 150 миң сомдон мамлекеттик колдоо көрсөтүлөт.
Долбоор боюнча бир ишкер беш адамга чейин жумушка орноштурса болот. Мисалы, беш жумушсузду иш менен камсыздаган ишкерге 750 миң сом берилет.
Каражат бизнести өнүктүрүүгө, жабдууларды жана техникаларды сатып алууга гана жумшалышы керек.
Программага катышуу үчүн ишкердин туруктуу кирешеси болушу, ал эми жаңы кызматкерлер расмий жумушка орношуп, аймактагы орточо эмгек акыдан кем эмес айлык алышы шарт.
12 айлык пилоттук долбоор Бишкек, Ош, Каракол шаарларында жана Кадамжай районунда ишке ашырылат.
Катышууну каалагандар жергиликтүү бийлик органдарына же Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин бөлүмдөрүнө кайрылса болот.