www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармактарда Бишкек шаарындагы жеке өнүктүрүү борборлорунун биринде өнүгүүсүндө өзгөчөлүктөрү бар балага орой мамиле жасалганы тууралуу билдирүү жарыяланды.

Баланын апасынын айтымында, уулу сүйлөө жөндөмүн өнүктүрүү максатында жеке борбордо АВА-терапия сабактарына катышып келген. Алгач бала сабактарга кызыгуу менен барса, акыркы убактарда ыйлап, баргысы келбей калган.

Апасынын билдирүүсүндө, окуя болгон күнү тартылган видеодон борбордун директору деп болжолдонгон адамдын балага орой мамиле жасап, аны түртүп, сүйрөп, оюнчуктарды жыйноого мажбурлаганын көрүүгө болот. Эненин айтымында, ал бул жагдайга нааразычылыгын билдиргенде, мындай мамиле кадимки көрүнүш катары түшүндүрүлгөн.

«Мен баламды сүйлөөсүн өнүктүрүп, жардам алсын деп алып барам. Анын психикасына зыян келтирүү үчүн эмес», — деп жазган эне.

Ал өнүгүүсүндө өзгөчөлүктөрү бар балдарга өзгөчө мамиле жана сабырдуулук керектигин белгилеп, аларды күч колдонуу менен тарбиялоого каршы экенин билдирген.

Ал эми, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, учурда аталган окуя боюнча тиешелүү териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Анын жыйынтыгы менен мыйзам чегинде юридикалык баа берилет.

Азырынча териштирүүнүн жыйынтыгы жарыялана элек. Окуяга байланыштуу бардык жагдайларга укуктук баа тиешелүү текшерүүдөн кийин берилет.

Булак: Black_list.kg

Последние новости