www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Ички иштер министрлиги сот тарабынан террористтик жана/же экстремисттик деп таанылган уюмдардын реестрин жарыялады.
«Хизб ут-Тахрир», ИГИЛ жана «Аль-Каида» уюмдарынан тышкары, тизмеде журналист Болот Темировдун жана Kloop.kg басылмасынын негиздөөчүсү Ринат Тухватшиндин ишмердүүлүгү да көрсөтүлгөн.
Ошондой эле реестрге «Кумтөрдүн» мурдагы убактылуу тышкы башкаруучусу Тенгиз Болтурук, блогер Айдар Раев, Кыргызстандын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин директорунун мурдагы орун басары Сыргак Кенжебаев жана эколог Самат Кушбек (Самат Жумалиев) да киргизилген.