www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү департаментинин директору Уланбек Бейшенбаев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Ал бул кызматка 2024-жылдын январь айында дайындалган.

Эскерте кетсек, 15-октябрда кечки саат 9дар чамасында Чүй проспектиси менен Лермонтов көчөсүнүн кесилишинде коомдук транспорттун катышуусунда ири жол кырсыгы болгон. Чүй проспектиси менен батышты көздөй бара жаткан №38 автобустун айдоочусу ошол эле багытта жүрүп бараткан алты унааны сүзгөн. Алар: «Kia K5», «BMW X5», «Changan», «Kia K7», «Toyota Camry» жана «Honda Accord».

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын алдын ала маалыматына ылайык, автобустун айдоочусу мас абалында болгон.

Последние новости