www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарында жылытуу мезгилин баштоо чечими абанын орточо суткалык температурасы беш күн катары менен +8 градустан жогору болбогондо кабыл алынат. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.
Мэриянын маалыматына ылайык, биринчи кезекте ооруканаларга, бала бакчаларга, мектептерге, төрөт үйлөрүнө жана социалдык мекемелерге жылуулук берилет.
Андан соң даярдыгы текшерилген турак үйлөргө, өнөр жай ишканаларына жана башка мекемелерге жылуулук кошулат. Бардык объектилерди туташтыруу бир нече күнгө созулушу мүмкүн.
Азырынча жылуулукту берүү баштала турган так күн жарыялана элек.