www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 16–17-октябрь күндөрү Ысык-Көлдөгү «Кызыл Гвоздика» ден соолукту чыңдоо борборунда жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарында социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү маселелерине арналган семинар өттү.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитети тарабынан уюштурулду. Семинардын темасы — «Жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарында социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү: иш берүүчү жана кесиптик бирликтин өз ара аракеттенүүсү».
Семинарга Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин кеңешчиси Азамат Сатиев, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасынын орун басары Айбек Кудайкулов, комитеттин кызматкерлери, жогорку жана орто кесиптик окуу жайлардын жетекчилери, ошондой эле кесиптик бирлик комитеттеринин төрагалары катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү, эмгек укуктарын жөнгө салууда министрлик, иш берүүчүлөр жана кесиптик бирликтин кызматташтыгы, кызматкерлердин социалдык кепилдиктерин камсыз кылуу, эмгекти коргоо жана коопсуз эмгек шарттарын түзүү маселелери талкууланды.
Семинардын ачылышында Айбек Кудайкулов кесиптик бирликтин билим берүү тармагындагы ишмердүүлүгүнө токтолуп, кызматкерлер үчүн уюштурулган эс алуу, спорттук иш-чаралар жана семинарлар алардын тажрыйба алмашуусуна, кесиптик байланыштарын чыңдоого жана тармакты өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Эки күндүк иш-чаранын алкагында катышуучулар талкууланган темалар боюнча суроолорду берип, жоопторду алышты. Ошондой эле эмгек ишмердүүлүгүндө колдонулуучу ыкмалар боюнча пикир жана тажрыйба алмашышты.
Семинардын жыйынтыгында катышуучуларга Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитети тарабынан сертификаттар тапшырылды.