www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара-Суу районуна караштуу Папан айыл өкмөтүнүн Тогуз-Булак айылында союлган уйдан күйдүргү тараганына байланыштуу эки тарап жазаланды. Бул тууралуу айыл өкмөттүн башчысы Курманбек Мияшев жергиликтүү басылманын бирине билдирди.

Анын айтымында, ооруга себепкер болгон уй убагында эмделбегени үчүн Кара-Суу районунун Беш-Мойнок ветеринардык сервисине айып тагылды. 

"Малды убагында эмдеп турушу керек болчу, бирок бул иш аткарылган эмес. Учурда ошол оорулуу уйдун эти чогултулуп, териси, кыгы эпидемиологдордун көрсөтмөсү боюнча көмүлдү. Эки миңден ашуун мал жандык күйдүргү оорусуна каршы эмделди", — деди Мияшев.

Эске сала кетсек, 11-августта Ош шаарынын Кара-Суу районундагы Тогуз-Булак айылында күйдүргүгө шектелгендер болуп жатканы маалымдалган.

Ош облустук клиникалык ооруканасы 2-августтан тарта сегиз бейтап түшкөнүн билдирген. Кийинчерээк бир кишиден күйдүргү оорусу лабораториялык жактан тастыкталып, Тогуз-Булак айылы карантинге алынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости