www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-августта, Кадамжай райондук аймактык ооруканасынын үлгүсүндө саламаттыкты сактоо системасын санариптештирүүнүн жүрүшү менен таанышты.

Оорукананын директору Залкар Баймуратов эки шаар жана 13 айылдык аймактын же райондун 105 айылынын жашоочуларына медициналык кызмат көрсөтүлөрүн  маалымдады.

Ошондой эле, ооруканада медициналык кызмат көрсөтүү боюнча санариптик ыкмалар ийгиликтүү ишке киргизилген, бейтаптарды кабыл алуу, дарт баяны, дарыгердин багыттамасы, анализдердин жыйынтыгы, иликтөөлөр жана башкалар электрондук форматта жүргүзүлүүдө. Бул чаралар жарандардын убактылуу чыгымдарын сезилерлик азайтууга мүмкүнчүлүк берет жана алар үчүн ыңгайлуулукту жогорулатат.

Мындан тышкары, коронавирус инфекциясы пандемиясы шартында көрсөтүлгөн ооруканада жарандарга тийиштүү медициналык жардам көрсөтүү үчүн шарттар түзүлгөн, дары-дармектердин жана медициналык жабдуулардын кору бар.

Медицина кызматкерлери менен баарлашууда Президент Сооронбай Жээнбеков ушундай алыскы Кадамжай районунда аймактык оорукананын ишмердүүлүгүн санариптештирүү боюнча оң натыйжаларга жетишилгендигин канааттануу менен белгиледи.

Президент өлкөнү санариптик трансформациялоо мамлекеттик саясатынын алкагында саламаттыкты сактоо системасын санариптештирүү өзгөчө орунга ээ экендигин баса белгиледи.

Санариптештирүү боюнча чаралар калкка медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатынын деңгээлин жогорулатууга жана тутумду башкаруунун ачыктыгын камсыз кылууга багытталгандыгын кошумчалады.

Мамлекет башчысы ошондой эле, акыркы эки жылда санариптештирүү саясатын ишке ашыруунун натыйжасында, БУУнун изилдөөлөрүнүн жыйынтыгында Кыргызстан электрондук өкмөттүн өнүгүү деңгээли боюнча Борбордук Азия өлкөлөрүнүн арасында экинчи орунду ээлегендигин канааттануу менен белгиледи.

Баарлашуунун соңунда Президент Сооронбай Жээнбеков аймактарды өнүктүрүүнүн алкагында медициналык мекемелердин ишмердүүлүгүнө заманбап санариптик ыкманы киргизүү артыкчылыктуу багыт болуп саналарын дагы бир жолу белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости