www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Nazarnews  маалымат  агенттиги   Айбар Султангазиев элди торуган коронавирус жана анын кесепеттери тууралуу баарлашып, кызыккан суроолорубузга жооп алдык.

-Айбар мырза, коронавирустан каза болгондордун жана ага кабылгандардын саны  азайып баратканы элди тооруган  илдетти жеңгенибизден кабар береби же абал дагы деле опурталдуубу?

-Азырынча эпидемияны жеңе элекпиз. Байкап көрсөңүз  борбордо иштегендердин көбү эс алууга кетишти. Мал менен жер менен иштегендер өз чарбаларына жараша  ар кайсы жакта жүрүшөт. Эми августтун аягында эмгек өргүүгө  кеткендердин эс алуулары бүтүп, июлда  илдеттен каза болгондордун 40лыгы өтүп, элдер куран окуткан жерде топтоло баштайт. Өкүнүчтүүсү, элдер топтошкон жерден вирус бири-бирине жугуп, жыйынтыгында коронавирустун  экинчи толкуну башталат.  Ага ула   й тойлор башталат.   Анан кооптонгон абал жаралат. Буюрса, бул жолу июль айындагыдай көп жоготуу болбойт. Анткени,  медиктер баштагыга караганда илдетти айыктыруу жолдорун билип калышты. Элдер да жата бербей илдеттин белгилери байкалаар замат дарылануу керек экенин түшүнүп калышты. Ошон үчүн коронавирустун кийинки толкундарында  өлүмдүн саны июль айындагыдай  болбойт деп ойлойм. Бирок, күзүндө айында ковидге мурунку грипптер кошулуп, сентябрь, октябрь айында илдет күчөйт. Анткени, ковид менен  Кыргызстандыктардын 10 эле пайызы ооруду. 90 пайызы ооруй элек. Күзгү толкунда 1-2 миллиону ооруйт. Ошон үчүн күзүндө эпидемия күчөйт деген маалыматтар айтылып жатат. Ошон үчүн аны жеңдик дегенден алыс болушубуз керек. 

-Кыргызстанда неге көп өлүм болуп кетти. Эл илдетке кабылганын мойнуна алгысы келген жокпу же ооруканалар жетишсиз болдубу?

-Бул жерде үч тараптуу катачылыкка жол берилди.  Биринчиден, алдын ала маалымат берген эксперттер өкмөттү “14-15-апрелде коронавирус боюнча пик болот” деп тынчытып коюшкан. Алар  алты миңге, анан 14 миңге жетет деп ойлошту. Ошондой эле илдет менен күрөшүүдө шалаакылыкка  жол берди деген Өкмөт, Саламаттык сактоо министрлиги, Каржы министрликтери Кыргызстан үчүн бөлүнгөн акчага дарыгерлерге коргонуучу каражаттарды, керектүү дарыларды алып, дарыгерлер тобун  илдеттен сактануу жана сакайтуу жолдорун окутуу уюштурушкан жок.  Ошон үчүн баш аягыбызды таппаган абалга кептелдик.  Өкмөт болсо тыштан келген каражатты туура эмес жумшап илдеттин күч алышына мүмкүнчүлүк түздү. Ал аз келгенсип  биздин дарылоого сунуштаган протоколубуз  да туура эмес болду.  Ошонун кесепети да көп адамдардын өмүрүн жалмап кетти. Айтайын дегеним, башында “бул кадимки эле сасык тумоо, суук тийип калды, суу, парацетамол ичип, үйдө жата бер” деген кеңештер берилди. Биз башынан эле “коронавирус өлүмгө алып келет” деп чырылдап, анын кесепеттерин айтып  жаттык. Эмнегедир ага  анча маани берилген жок. Ошон үчүн  элдер башында ковид менен ооруп жатканына ишенгиси келген жок. Уяттуу оору болгондуктан суук тийип калды же кондиционер уруп койдубу деп ойлошуп, учурунда дарыланбай жүрө берип, көбүнүкү оор түрүнө өтүп кетти. Ошонун айынан өлүм көп болду. Экинчиси, ооруканалар, илдеттен сакайтчу дарылар,  медиктер да жетишсиз болду. Бул жагдай да өлүмдүн көп болгонуна  себепкер болду. Кыскасы, элди торуган дарт элдин, мамлекеттин түйшүгүн ого бетер көбөйттү. Мына ушундай жагдайдан улуам илдет күч алып, өлүм көп катталып кетти. Илдеттен өлгөндөр бир жарым миңди чамалады деп айтылганы менен  андан көп болушу мүмкүн.  Мезгили келгенде кимиси коронавирустан, кимиси инсульт, инфаркттан өлгөнү ачыкка чыгат. Негизи көпчүлүгү эле ковидден кетти.

 -Айбар мырза, коронавирус боюнча түрдүү маалыматтар айтылууда. Айрымдар экинчи толкуну болбойт десе, кээ бир мамлекеттер үчүнчү толкуну башталды дешүүдө. Кээ бир адистер “Бул грипп эмес, бир каптайт да анан кетет” деген ойдо. Кимисине ишенсек болот?

-Биринчи, экинчи, үчүнчү толкун дейбиз бирок, алгач илдетке кабылган башка мамлекеттерде абал кандай экенин карашыбыз керек.  Айтайын дегеним, Европада карантинден кийин ооругандар азайганы менен  карантин бүткөндө  кайра илдетке кабылгандар көбөйө  баштады. Анткени, вирус эч жакка кеткен жок.  Болгону, баштагыдай өлүм көп болбой калды. Анткени, ооруну таптакыр айыктырбаса дагы илдетти баскан дарылар табылды. Аны дарылоо ыкмалары кеңейди.

Ковид  инфекциясы эч жакка кетпейт. Көрсөткүчтөр азайганы менен самолёттор учуп, транспорттор жүрүп баштаганда  күч ала берет. Ошон үчүн эрежелерди так сактап, болушунча сактанышыбыз керек. Ошондой эле той-топурду токтотуп, эл чогулган жерден качышыбыз шарт . Болбосо илдет мурункудай эле тарай берет.

-Эл арасында коронавирус менен ооругандар кайра ал илдет менен оорубайт деген да маалыматтар арбын. Ошол эле учурда ковид менен  экинчи ирет ооруса мурдагыдан да катуу кыйналат деген пикирлер да бар. Кимисине ынансак болот?

-Ооругандар кайра оорубайт деген да маалыматтар бар. Ошол эле учурда ооругандар экинчи ирет ооруса ого бетер кыйналаарын айткандар да бар.  Бул маселе боюнча дүйнөдө эки  көз караш бар. Бири  оорубайт десе, экинчиси кайталап ооруй берээрин  айтышууда. Менин иммунитет болуп калаарына ишенгим келет. Бирок, илдетке кабылгандар кайра ооруса мурункудан да катуу кыйналат деген пикирге кошулам. Анткени, биринчи ооруганда күчтүү дары-дармектерди алып, иммунитет абдан начар болуп калат.  Ошон үчүн экинчи жолу ооруганда ого бетер кыйналышы мүмкүн.

-БСЖ алганы үчүн бул илдет менен балдар көп оорубайт деген да пикирлер бар. Балдар оорубайт деп сактанбай эле койсок  болобу?

-Балдар ооруйт. Оорумак турсун илдетке   кабылгандан кийин кавасаки синдрому деген илдетке кабылып калышаарын айтылууда. Айтайын дегеним,  биринчи жолу ковид менен ооруган балдар кавасаки синдрому менен жабыркап калышы мүмкүн экендиги Америкада байкалган. Ал жакта 2 жаштан 15 жашка чейинки 15 бала кавасаки синдромуна кабылган.  Андан кийин бул илдет Казакстанда ковид менен ооруган балдардан табылган. Ковид менен ооруган балдар  сейрек кездешүүчү илдетке кабылып жатышканы да коронавирустан  сак болууга үндөйт. Балдарга жукпайт экен дебей балдарды оорутпай калуунун аракетин көрүшүбүз керек. Анткени, ковид оңой вирус эмес. Ал бир канча илдетти козгойт.  Ошон үчүн илдетти тоготпойм дебей сак болушубуз керек. Ошондой эле эрежелерди  да сакташыбыз зарыл.

-Баса, Кытайда кенелер аркылуу жуккан SFTS вирусу катталып, 7 адамдын өмүрүн алганы маалым болгон эле.  Ал илдет да коронавирустай дүйнөгө жайылып кетпейби?

-Кытайдагы өлүмгө жеткирген  инфекция кенеден табылганы боюнча маалымат тарап жатат. Кене жазында пайда болуп, кышында жок болгон үчүн коронавирусчалык бат тарабайт деп ойлойм.  Кытайлар кенеден тараган вирусту биротоло жок кылганга болгон мүмкүнчүлүгүн жумшайт деген пикирдемин.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости