www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Документ издөөдө жүргөн адамдарды чет мамлекеттерге өткөрүп берүү (экстрадиция) жол-жобосун жөнөкөйлөтүүгө багытталган.
Мыйзам долбооруна ылайык, экстрадициялык камоонун мөөнөтүн азыркы 2 айдан 6 айга чейин узартуу сунушталууда.
Ошондой эле жөнөкөйлөтүлгөн экстрадиция тартибин киргизүү каралган.
Ага ылайык, эгер издөөдө жүргөн адам өз ыктыяры менен башка мамлекетке өткөрүлүүгө жазуу жүзүндө макулдук берсе, Башкы прокуратура экстрадиция тууралуу чечимди кошумча текшерүүлөрдү жүргүзбөстөн кабыл ала алат.
Мындай учурда адвокаттын катышуусу милдеттүү болот.
Мындан тышкары, мыйзам долбоорунда чет мамлекетке өткөрүлүп берилген же камактан бошотулган адамдын өздүгүн тастыктаган документтерин жана жеке буюмдарын өткөрүп берүү тартибин тактоо сунушталган.