www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Июль айына карата “Бала ырысы” мамлекеттик жөлөк пулун алуу үчүн 192 миң арыз түшүп, алардын баарына төлөмдөр жүргүзүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Социалдык төлөмдөр башкармалыгынын башкы адиси Адел Жоомартова “Элден собол” берүүсүндө билдирди.
Анын айтымында, берилген арыздардын негизинде 3 жашка чейинки балдардын 45 пайызы камтылды. Ошол эле учурда жөлөк пул алуу үчүн кайрылуулар дагы деле кабыл алынууда.
Министрликтин алдын ала эсептөөлөрү боюнча, “Бала ырысы” программасы 440 миңден ашуун баланы камтышы күтүлүүдө.
Белгилей кетсек, “Бала ырысы” жөлөк пулунун суммасы 1200 сомду түзөт. Бийик тоолуу аймактар менен алыскы жетүүгө кыйын аймактардын жашоочуларына жөлөк пул райондук коэффициент менен эсептелинет. Эң бийик коэффициент 2400 сомго чейин жетет.