www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Агартуу министрлиги мектеп лаборанттарынын иши жана билим берүү мекемелериндеги лабораториялар боюнча түшүндүрмө берди.
Министрликтин маалыматына караганда, учурда өлкөдөгү бардык мектептерде базистик окуу планына ылайык химия, биология, физика жана башка табигый-илимий предметтер боюнча лабораториялык жана практикалык иштер өткөрүлөт. Сабактарда лабораториялык жабдуулар, приборлор, окуу-көрсөтмө материалдар менен катар санариптик билим берүү технологиялары, интерактивдүү такталар жана санариптик ресурстар колдонулат.
Министрлик табигый-илимий багыттагы кабинеттердин материалдык-техникалык базасын жаңыртуу иштерин да жүргүзүп жатат.
Маалыматка ылайык, Азия өнүктүрүү банкынын «Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо» долбоорунун алкагында 2026-жылдын биринчи кварталында өлкөнүн бардык аймактарындагы 220 кластердик мектепке химия, биология, физика жана география сабактары үчүн жалпы суммасы 223 млн сом болгон 5500 лабораториялык комплект берилген.
2026-жылдын аягына чейин дагы 53 инновациялык мектепти лабораториялык жабдуулар менен камсыз кылуу пландалууда. Ошондой эле мектептер үчүн лабораториялык жабдууларды сатып алуу 2027-жылдагы республикалык бюджетке киргизилүүдө.
Министрлик лаборанттын милдеттери өзүнчө лабораториялык бөлмөнүн болушу менен гана чектелбей турганын белгиледи. Алар практикалык жана лабораториялык сабактарда жабдууларды жана материалдарды даярдоо, сактоо жана пайдалануу иштерин да камтыйт.
Ошондой эле санариптик жана виртуалдык лабораториялар кошумча инструмент катары колдонулуп, окуучулардын реалдуу жабдуулар жана материалдар менен практикалык иштөөсүн алмаштырбай турганы белгиленди. Ушуга байланыштуу мектептердин штаттык расписаниесинде лаборант кызматын сактоо зарыл экени айтылды.