www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңеште инвесторлорго жерди убактылуу пайдаланууга берүү боюнча мыйзам долбоору каралды.

Долбоорго ылайык, жер алгач 10 жылга чейин, кийин инвестор милдеттенмелерин аткарса 25 жылга чейин, зарыл болгон учурда 50 жылга чейин узартылышы мүмкүн.

Жер максатсыз пайдаланылса, мамлекет аны кайра алып коюуга укуктуу болот. Ошондой эле кеминде 1 млрд сом инвестиция салган улуттук инвестициялык долбоорлорго жерди акысыз пайдаланууга берүү мүмкүнчүлүгү каралууда.

Депутаттар мыйзам долбоору боюнча жергиликтүү бийликтин ролу, чакан жана орто бизнести колдоо жана коомдук талкуунун жетиштүүлүгү боюнча суроолорду көтөрүштү. Комитет долбоорду азырынча «чийки» деп атап, жалпы жыйында кеңири талкуулоону сунуштады.

Последние новости