www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башкы прокуратурасы тарабынан мамлекеттик социалдык буюртманы ишке ашыруудагы мыйзам бузуулар аныкталды.

2022–2023-жылдары Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жалпы суммасы 3 млн 737 миң 313 сомду түзгөн коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу боюнча алты келишим түзгөн. Аталган келишимдерди ишке ашырууда айрым жооптуу кызмат адамдары отчеттук документтерге атайылап жалган маалыматтарды киргизип, келишимдердин аткарылышына жана бөлүнгөн каражаттардын максаттуу пайдаланылышына тиешелүү көзөмөл жүргүзүшкөн эмес.

Натыйжада ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды, улгайган жарандарды, ошондой эле турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдү жана балдарды колдоого багытталган каражаттар максаттуу пайдаланылган эмес.

Аталган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 379 (Документтердин жасалмасын жасоо), 210 (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) жана 348-беренелери (Шалаакылык) менен эки кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Последние новости