www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевди жана президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевди ээлеген кызматтарынан бошотуу маселеси каралган эмес жана күн тартибинде жок. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
«Соңку кадрдык дайындоолорду кийинки кезек кимде деген төлгөгө айлантпоо керек. Бул эки жетекчини кызматтан бошотуу маселеси каралган эмес жана күн тартибинде жок. Бардык жетекчилерге коюлган талаптар мурдагыдай эле калат: мыйзамды сактоо, коррупцияга жол бербөө жана жетекчиликтин койгон тапшырмаларын өз убагында аткаруу. Эгерде кадрдык чечимдер кабыл алына турган болсо, биз расмий түрдө кабарлайбыз», - деди ал.
Буга чейин социалдык тармактарда президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев кызматтан бошотулду деген маалымат тараган.