www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Кыргыз геологиялык кызматында КМШга мүчө мамлекеттердин жер казынасын чалгындоо, пайдалануу жана коргоо боюнча Өкмөттөр аралык кеңешинин XXIX сессиясына кыргыз делегациясынын катышуусуна даярдык көрүү боюнча жумушчу кеңешме өттү.
Жыйын министрдин орун басары — Кыргыз геологиялык кызматынын директору Амантур Турсуниязовдун төрагалыгы алдында өттү.
Кеңешменин жүрүшүндө кыргыз делегациясынын алдыдагы сессияга даярдыгы, иш-чарага катышуунун негизги маселелери жана уюштуруу иштерине байланыштуу суроолор талкууланды.
КМШга мүчө мамлекеттердин жер казынасын чалгындоо, пайдалануу жана коргоо боюнча Өкмөттөр аралык кеңешинин XXIX сессиясы 24–25-сентябрда Минск шаарында өтөт.
Сессиянын алкагында геология жана тоо-кен тармактарын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоо, тажрыйба алмашуу жана жер казынасын пайдалануу жаатындагы мамлекеттер аралык кызматташтыктын мындан аркы багыттарын аныктоо пландалууда.
Өкмөттөр аралык кеңеш КМШ өлкөлөрүнүн геологиялык изилдөө, жер казынасын сарамжалдуу пайдалануу жана коргоо боюнча кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган аянтча болуп саналат.