www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда мамлекеттик мектептер үчүн чыгарылган окуу китептеринин базарларда сатылышы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинин төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков билдирди.
Кайсы берене боюнча иш козголгону азырынча белгисиз. Укук коргоо органдары тергөөнүн жүрүшү тууралуу маалымат бере элек.
Буга чейин ата-энелер мектептерде китеп жетишсиз экенин айтып, айрым окуу китептери базарда сатылып жатканын билдиришкен.
Маселеге байланыштуу президент Садыр Жапаров окуу китептеринин тартыштыгын жоюу үчүн кошумча 7 млрд сом бөлүүнү чечкен.