www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин достук армияларынын аскер кызматчылары арасында өтүп жаткан XVII Спартакиаданын алкагында штаттык куралдан ок атуу боюнча чемпионат жыйынтыкталды.

Мелдештин жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн командасы жогорку даярдыгын көрсөтүп, жалпы командалык эсепте биринчи орунду ээледи.

Чемпионатта байгелүү орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
🥇 I орун — Кыргыз Республикасы;
🥈 II орун — Казакстан Республикасы;
🥉 III орун — Россия Федерациясы;
IV орун — Өзбекстан Республикасы;
V орун — Беларусь Республикасы.

Мелдештин жүрүшүндө аскер кызматчылары АК-74 автоматы жана Макаров тапанчасы менен ок атуу боюнча күч сынашты.

Катышуучулар жеке жана командалык эсептерде өз чеберчилигин көрсөтүштү.

Жабылуу аземинде Кыргыз Республикасынын коргоо министринин орун басары, полковник Алмазбек Кулмурзаев жеңүүчүлөрдү жана байге ээлерин куттуктап, сыйлыктарды тапшырды.

Анын айтымында, мындай мелдештер аскер кызматчыларынын кесиптик даярдыгын жогорулатууга, аскердик-прикладдык спортту өнүктүрүүгө жана КМШ өлкөлөрүнүн куралдуу күчтөрүнүн ортосундагы достук жана кызматташтык байланыштарды чыңдоого өбөлгө түзөт.

Последние новости