www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Токмок шаарында үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 3-августунда Токмок шаарынын тургуну, 1993-жылы туулган З.Р. милицияга кайрылып, жарандык жолдошу 1988-жылы туулган Ч.Ч. акыркы үч жылдан бери өзүнө жана жашы жете элек эки баласына карата зомбулук көрсөтүп келгенин билдирген.
Аталган факт Токмок шаардык ички иштер бөлүмүндө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Териштирүү учурунда аялдын жана балдардын денесине залал келтирилгени боюнча маалыматтар алынган.
Окуя боюнча жабырлануучуларга соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин 3-бөлүгү менен кылмыш иши козголуп, шектүү кармалды. Ал Жазык-процесстик кодекстин 96-беренесине ылайык Токмок ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда кылмыш ишинин алкагында бардык зарыл болгон тергөө аракеттери жүргүзүлүп, тергөө иштери уланууда.