www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Улуттук банкынын эл аралык (алтын-валюта) резервдери акыркы беш айда 2,2 млрд. доллардан ашыкка азайды. Расмий маалымат боюнча, 2025-жылдын январь айынын аягында резервдер рекорддук 10 млрд 177,2 млн доллар болсо, май айынын аягында 8 млрд 750 млн, ал эми июнь айынын соңунда 7 млрд 923 млн деңгээлине чейин төмөндөгөн.
Ошол эле мезгилде Улуттук банк валюта рыногуна интервенция жүргүзүп, жалпысынан 1 млрд 152 млн доллар саткан. Ошондой эле дүйнөлүк рынокто алтындын баасынын төмөндөшү да резервдердин көлөмүнө терс таасирин тийгизген.
Бул көрсөткүчтөр коомчулукта кескин суроолорду жаратууда. Сынчылар алтын-валюта резервдерин сомдун курсун кармап турууга пайдалануунун ордуна, алтын менен камсыздалган финансылык инструменттерди — алтын сертификаттарын, депозиттик сертификаттарды, банктык кепилдиктерди жана ири инвестициялык долбоорлорду каржылоочу механизмдерди ишке киргизүү керек деген пикирди билдиришүүдө.
Ошондой эле, айрым жарандык активисттер Улуттук банктын резервдерди башкаруу чечимдерин көз карандысыз комиссия аркылуу текшерүүнү жана жетекчиликтин жоопкерчилиги тууралуу маселени кароону сунуштап жатышат.