www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Адамдын чыныгы ниетин анын курулай сөздөрү жана убадалары эмес, ошол сөздөрдөн кийин жасаган реалдуу кадамдары жана иштери билдирип турат. Оппозиция лидерлери 2010-жылдын 7-апрелиндеги кан төгүлгөн мамлекеттик төңкөрүштөн кийин бийликке келишкен соң, бул «революционерлер» абдан көп сүйлөшүп, ал тургай курман болгондордун денелеринин жанында туруп ант берип да жиберишкен, өздөрү укуктук, демократиялуу мамлекет курушарын, анда бийлик элге таандык болуп, коррупцияга жана тар чөйрөдөгү адамдардын өз кызыкчылыктары үчүн башкаруусуна жол берилбесин айтышкан.
Арийне, Убактылуу Өкмөттүн эң алгачкы кадамдарына юридикалык баа берүү эле, алар өздөрүнүн эң башкы максаттарына – менчиктерди, бийликти бөлүштүрүп, Кыргызстандын бардык улуттук ресурстарын жеке өздөрү пайда табуу үчүн сатууга мүмкүндүк түзгөн мыйзамдарды жаратууга чечкиндүү түрдө бет алышканын күбөлөндүрүп турган.
Убактылуу өкмөттүн декреттерине мыйзамсыз акт катары көп адистер, саясат таануучулар жана юристтер өз бааларын беришкен, мен да алардын пикирине макулмун. Азыркы учурда декрет чыгаруу - нонсенс. Көп адамдарга бул шашылыш кабыл алынган декреттер юридикалык сабатсыздык, убактылуучулардын жоопкерсиздиги жана да мындан дээрлик жүз жыл мурда болгон, романтикалуу сыяктуу сезилген революциялык демилгелерди ашкере тууроодой болуп көрүнүшү да мүмкүн эле.
Бирок, алардын кийинки бардык аракеттери жана окуялардын өнүгүү логикасы, алардын мындай чарага алдын ала билип туруп, өлкөнү юридикалык коллизияга алып барып, туюкка камап салып, укуктук жактан башаламандыктардан пайдаланып, өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарын, биринчи иретте мүлктүк кызыкчылыктарын канааттандырууга багытталгандыгын айкын далилдеп турат.
«Жалындуу» декреттер шашылыш кабыл алынган соң, төңкөрүшчүлөр жалаң улутташтыруу маселелерине байланышкан декреттерге гана көңүл буруп олтуруп алышты. Жеке менчиктерди кайрадан бөлүштүрүү – «революциялык акыйкаттык» деген жалган жалбырак менен бул кызыкчылыктарын жабышка аракет кылышканы менен, убактылуучулар башынан эле дал ушунун өзүнө умтулушкан болчу.
Дал акыйкаттык үчүн айтып коюу керек, Убактылуу Өкмөттүн көпчүлүк мүчөлөрү ошол сыртынан кулака жакшы угулган шылтоолорго өздөрүнүн абдан коркунучтуу максаттарын - мамлекеттин негиздерин жана укуктук системанын негиздерин талкалоо үчүн декреттер идеясын атайылап түртө салышканынан адегенде түшүнүшкөн да эмес. «Канчалык жаман болсо ошончолук жакшы» деген ураан, менин оюмча, Убактылуу Өкмөттүн аракетиндеги логиканы абдан так мүнөздөп турат. Болбосо анын мүчөлөрүнүн аракеттерин башкача квалификациялоо мүмкүн эмес.
Куралдуу күч колдонуп, бийликти тартып алган соң, Убактылуу Өкмөттүн алдында тандоо мүмкүнчүлүгү бар эле: Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жол-жоболордун чегине ылайык легалдашуу, же болбосо бардык укуктук принциптерди жана нормаларды тебелеп-тепсеп, конституцияны жана мыйзамдарды эсепке албоо жолу менен кетүү.
Бийлик кылмыш жолу менен тартылып алынгандыктан, эч ким аларга тоскоолдук кылбагандыктан, убактылуучулар өз жоболорун мыйзамдаштырууга, өз абалдарын Кыргызстандын жарандарынын алдында, дүйнөлүк коомчулуктун пикиринде легитимдештирип алууга толук мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Бирок, алар башка бир шашылыш, ак жип менен тигилгендей, оркойгон сымал, өз ыйгарым укуктарын бекитүүгө шашылышты.
2005-жылдагы март революциясынан кийин, оппозициянын мурунку бийликке болгон мамилеси кандай болгонуна карабастан, тандоо жолу бирден-бир туура болгон - баарын тең Кыргызстандын иштеп жаткан мыйзамдарында каралган жол-жоболор алкагында чечүү деген. Биз парламентке бардык, өкмөттү түздүк, премьер-министр президенттин милдетин аткаруучу болуп калды. Баары тең мыйзамдын так сакталышына ылайык жасалган.
Албетте, ошондо деле оппозиция арасында кызуу кандуу адамдар бар эле, алар «декреттик жол» менен кетүүнү сунушташкан, бирок, көпчүлүгү мыйзам баарынан жогору экендигин тастыктап беришкен.
Декрет деген эмне?
Бул кежирленүү, амбициялар жана адискөйлүктүн же жетишпегендиги жана да Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнүн жоопкерсиздиги. Эмне үчүн конституция кабыл алынгандан кийинда декреттер көп кабыл алынган? Себеби, жогоруда айтылгандай, менчиктерди бөлүштүрүү процессин ишке ашырып бүтүрүүгө үлгүрүп, анын чыныгы себептерин жана кийинки кесепеттерин юридикалык жактан чаташтырып таштоо керек болчу. Укуктук хаосту атайылап, билип туруп күчөтүү декреттер аркылуу конституцияда да, мыйзамдарда да каралбаган бийлик органдарын жана кызмат орундарын түзүү менен коштолуп олтурган.
Убактылуу Өкмөт деген, техникалык өкмөт деген, өткөөл мезгилдеги президент ж.б.д.у.с. дегендер эмне болгон нерселер? Ошондой фиктивдүү, мыйзамдык негиздемелери жок органдарды жана кызматтарды киргизүүнүн кандай зарылчылыгы бар эле?
Мунун себеби эң эле жөнөкөй болчу. Декрет - деген - бул кылмыштуу банда тарабынан чыгарылган жөн гана бош, юридикалык жактан эч кандай күчү жок кагаз. Анан ошол декреттер эч кандай мыйзамга баш ийбеген орой күч тарабынан кыймылга келтириле баштаган. Демек, кабыл алынгандан тартып, алар эч кандай күчү жок актылар жана эч мааниси жок документтер болгон, башкача айтканда, алар кийинки юридикалык себептерди түзгөнгө жөндөмсүз болчу.
Бирок, убактылуучулар аларды эл колдобой коёт же кууп чыгат деп коркушкандыктан улам, кандай жол менен болсо да эптеп легалдашууга аракет кыла башташкан. Ошондуктан, ушундай тополоңдук маалында бардык декреттер кабыл алынып, жаңы бийлик органдары бекитилген. Мындай вакханалия жана мыйзамсыздык мурунку бийлике кызмат кылгандарга, бизнесмендерге жана жөнөкөй жарандарга карата мыйзамсыз күч колдонуу жана куугунтуктоо менен коштолуп жүрүп олтурган.
Адамдарды коркутуу процесси азыр деле уланып келе жатат, массалык маалымат каражаттарында азыркы учур өткөн кылымдагы, 1937-1938-жылдардагы репрессиялар менен салыштырылып жатканы кокусунан эмес. Буга Атамбаев өзү шык берип жатат, ал 7-апрелдеги курмандыктарды эскерүү күнүндө саясатчыларды, басмакана ээлерин жана журналисттерди өлкөдөн кууп чыгуу керек деп айткан.
Өз жарандарын өлкө тышына кууп чыгууга тыюу салган өзүнүн Конституциясын окубаган мамлекет башчысы - Кыргызстан үчүн катастрофа. Декреттер мамлекеттин бүт укуктук системасын туюк мыйзамсыздыкка каптады, эми аны бул абалдан чыгарууга азыркы бийлик аракет да кылган жок, себеби, юридикалык жактан алганда ар бир мыйзамдуу чечилиш убактылуучулар үчүн өлүм менен барабар. Ал эми бир юридикалык түшүнүксүздүк өз артынан дагы көп туюкту пайда кылып, уланып кетип жүрүп олтурат.
Декреттер менен биздин жарандардын, юридикалык тараптардын жеке менчиктерге болгон укуктары бузулган. Ал менчиктердин убактылуучулар тарабынан улутташтырылышы мыйзамды жана соттук чечимдерди кыйгап өтүп, ал объектилердин өзүнө турган наркын төлөбөй туруп жасалган.
Эгерде Конституциялык палата өзү декреттер укуктук-ченемдик актылар деп эсептелбейт деп жатса, анда ал эмне үчүн ошол ходатайстволор боюнча кайрылууларды кароодон тек гана баш тарткан жок, тескерисинче, ошол декреттердин мыйзамдуулугун негиздеп, чечим чыгарууга далбас урду? Ошол эле учурда, убактылуу өкмөт мыйзамсыз жол менен табылган байлыктарды улутташтырган деген болжолдуу ойго гана таянып туруп, айрым адамдардын күнөөлүү экендиги жөнүндө соттун чечими же өкүмү жок туруп эле бүтүм чыгара салды. Бир дагы цивилизациялуу мамлекетте мүлктүн кандай табылганын болжолдуу негизде гана айтып, улутташтырууга жол берилбейт.
Конституциялык палатанын бул чечими - бул укуктун салтанаты эмей эле, бийлик диктатына баш ийүүнүн, саясий кысымдын жыйынтыгы болуп калган. Өз чечими менен Конституциялык Палата өзүн конституцияны коргоо боюнча сот органы катары эмес, убактылуу өкмөттү жана ал тарабынан эптеп чүргөлгөн жасалма документтерди коргоого алууга милдеттенме алган мекеме катары көрсөткөн.
Анан дагы өкмөткө улутташтыруу механизмин иштеп чыгууну тапшырган, ал эбактан бери эле мыйзам актыларында бар экендигине карабастан, башкача айтканда, мыйзамды аткаруунун ордуна, өкмөт мурда эле жасалган велосипедди ойлоп табышы керек экен, же бар нерсени кайра ойлоп чыгуу керекпи?
А өкмөт болсо бул механизмди иштеп чыгуу жөнүндө ойлоп да койгон жери жок, мурдагыдай эле толугу менен мыйзамсыздык айдыңында аракет кылуусун улантып келе жатат. Ушундай жол менен биздин көз алдыбызда өтө коркунучтуу саясий салт жаралып, ага ылайык ар бир жаңы өкмөт эң эле маанилүү маселелерди өзү каалагандай жол менен чечип, өзүнөн кийинки мураскоруна ушундай эле үйүлгөн укук бузууларды калтырууга укук алды. Конституциялык Палата тарабынан өкмөткө көрсөтмө берүү фактысы сыпайычылык болбой калган.
Мындай ыйгарым укуктар конституцияда да, мыйзам актыларында да каралган эмес. Конституциялык Палатанын бул саясий чечими жогортон берилген тапшырма экендиги ачык эле көрүнүп турат, анткени, соттор арыздарга жана даттанууларга көмүлүп калган. Бишкектин абийирдүү жана чынчыл сотторунун бири карап көрүп, убактылуучулардын декретин мыйзамдык күчү жок деп тааныган, бул үчүн ал өзү иштеп жаткан кызматтан бир күндүн ичинде «өз ыктыяры менен бошонууга» аргасыз болгон.
Бул айтылгандар аз келгенсип, Конституциялык Палата өз ыйгарым укуктарын чектен ашыpyy жолу менен, жалпы сотторго декреттердин мыйзамдуулугун кароого тыюу салып койгон. Бул сот органдардын иштерине түздөн-түз кийлигишүү болуп эсептелет. Бул мыйзамсыз чечими менен Конституциялык Палата жарандарды соттук коргоодон ажыратып, мыйзамсыз органдардын түзүлүшүн (Убактылуу Өкмөт) актап салган, ошонусу менен кырдаалдын стандартка ылайык эместигин шылтоо кылуу менен кийинки төңкөрүштөрдүн жасалышына шарт түзүп берген.
Башкача айтканда, элдин жаңы толкундоолору (экстраординардык кырдаал) жаңы убактылуу өкмөттөрдү, же органдарды түзүүгө алып келүү менен аякташы мүмкүн. Эксперттер Конституциялык Палатанын аталган чечими - бул укуктук чеги жоктук деп акыйкат айтып жатышат. Ал укуктук-ченемдик актыларга укуктук баа гана бериши керек, бирок, саясий процесстерге мүнөздөмө бере албайт.
Укуктук системага жана биздин жарандардын укуктук аң-сезимине 2010-жылы кабыл алынган конституцияны кабыл алуу жол-жобосу өтө чоң зыян алып келди. Өлкөнүн түштүгүндө эмне болгондугун унутуу мүмкүн эмес.
Ош жана Жалал-Абад областтарында кан төгүлүп, адамдар өлүп, турак-жайлар өрттөлүп жатты. Анан ошол кездеги убактылуучулар жасаган мамиле уятсыздыктын, абийирсиздиктин жеткен чеги болуп калды, алар кан төгүүнү токтотуп, кырдаалды турукташтыруунун ордуна өздөрүнүн конституциясын кабыл алуу үчүн шашылыш референдум өткөрүүгө даярдана башташты. Ал дагы ошол эле декреттерге негизделген болчу.
Цивилизациялуу өлкөдөгү кандай сот болсо да, бул референдумдун мыйзамсыз болгондугун, демек, кабыл алынган конституциянын да мыйзамсыз болгондугун тастыктамак. Ал мыйзамсыз деп гана кабыл алынбай, эч кандай мааниси жок деп да табылмак. Себеби, ошол кезде иштеп жаткан конституция жана мыйзамдык актылар боюнча, референдумду өткөрүүнү бир гана президент чече алмак.
Эгерде алар укуктук жол менен кетишкен болсо, эч кандай суроолор пайда болбосу үчүн, адегенде президентти шайлап алып, андан соң гана референдумду дайындоого барышмак. Анын үстүнө, референдум Жогорку Кеңештин депутаттардын макулдугу менен гана дайындалмак. Ошондон кийин гана мамлекет башчысы жарлыгын чыгарышы керек болмок. Убактылуучулар болсо мында да декретти пайдалана коюшуп, референдумду ошол эч кандай юридикалык күчү жок, маанисиз акт аркылуу дайындашты.
Декреттердин тагдыры, декреттердин иштөө мөөнөтү - убактылуучулардын өз өмүр баяндары сыяктуу, алардын бийликте болуу тагдыры жана учуру сыяктуу. Көпчүлүк туура, акыйкат ой жүгүрткөн жарандар жаңы бийлик келери менен Убактылуу Өкмөттүн бардык декреттери өзүнүн юридикалык баасын алып, мыйзамсыз деп эсептелерине ишенишет. Бул убак келе турган учур да жакындап калды.
Курманбек Бакиевдин, “Менин оорум, сүйүүм жана үмүтүм - Кыргызстаным” китебинен алынды
Булак: NazarNews.kg