www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 3-апрелинде Кыргыз Республикасынын Монголиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Айбек Молдогазиев Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурелсухка ишеним грамоталарын тапшырды.

Расмий аземдин жүрүшүндө Элчи А.Молдогазиев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун саламын жана эң жакшы каалоо-тилектерин жеткирип, өз ара кызыкчылык жараткан бардык тармактарда кыргыз-монгол кызматташтыгын андан ары чыңдоого жана өнүктүрүүгө даяр экенин билдирди.

Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух Кыргыз Республикасына жасаган мамлекеттик сапарын жылуу эстеп, Кыргыз Республикасынын Президентине салам жолдоону өтүнүп, аны жакын дос жана ишенимдүү өнөктөш катары белгилеген.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар конструктивдүү диалогду улантууга, өз ара сапарларды уюштурууга жана тарыхый-маданий жалпылыктарга негизделген кыргыз-монгол кызматташтыгын мындан ары ырааттуу өнүктүрүүгө болгон даярдыгын ырасташты. Ошондой эле саясий жана соода-экономикалык кызматташуунун негизги багыттары, анын ичинде соода, транспорт, өнөр жай жана айыл чарба тармактары талкууланды. Маданий-гуманитардык байланыштарды жана туризмди мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү өзгөчө белгиленди.

Монголиянын мамлекет башчысы Элчи А.Молдогазиевге дипломатиялык ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалап, кыргыз-монгол мамлекеттер аралык мамилелер мындан ары да бекемделерине ишенимин билдирди.

 

Последние новости