www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Социалдык тармакта коомчулуктун төбө чачын тик тургузган окуя тууралуу видео тарап жатат.
Андагы видеодо бир аял, мугалимге кол көтөрүп, башка чапкылап сабап жатат. Бул эмне деген абийирсиздик. Тиешелүү органдар мыйзам чегинде укуктук баа берүүгө тийиш.
Окуя Ош шаарындагы мектептердин биринде болгону айтылууда. Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева мугалимдин укугун, кадыр-баркын коргоп, баласына болушуп мугалимге адепсиз зомбулук көрсөткөн жарандын жоопкерчилигин каратууга милдеттүүсүз.
Анткени, мугалимдин аброю, кадыры коомдун алдында тебеленип, сый-урматы болбосо, билим берүүнүн сапатын көтөрүү мүмкүн эмес. Сиз өзүңүздүн мугалимдердин кесиптик ишмердүүлүгүн, беделин коргоп бербесеңиз, мындай көрүнүш кыргыз коомун караңгылыкка алып барат. Мугалимди коргой албасаңыз, министр болуп иштөөгө акыңыз жок.
Өткөндө дагы окуучу мугалимди сабаган. Мындай терс көрүнүштөр кайталанбаш керек. Чара көрүүгө чамаңыз жетпесе, билим берүүнүн сапатын, деңгээлин көтөрчү, мугалимдердин кадырын, укугун коргоочу кимдир бирөөгө кызматыңызды өткөрүп беришиңиз керек.