www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токмок шаарындагы сабоо фактысы боюнча Чүй облусунун ИИББсы маалымат берди.

2026-жылдын 3-апрелинде социалдык тармактарды мониторинг жүргүзүү учурунда жаранды бир нече адам сабап жаткандыгы тартылган видео аныкталган.

 Аталган факт Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүндө каттоого алынып, мыйзамда белгиленген тартипте текшерүү иштери башталган.

 Учурда милиция кызматкерлери тарабынан окуянын бардык жагдайларын тактоо, ошондой эле бул окуяга тиешеси бар жарандарды аныктоо максатында зарыл болгон текшерүү жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча катышуучулардын аракеттерине тиешелүү укуктук баа берилип, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык процессуалдык чечим кабыл алынат.

Эскерте кетсек, социалдык тармактарда топ адам жаранды мыкаачылык менен сабап жаткан видео тарап, талкуу жараткан.

 

Последние новости