www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

6-10-апрелде Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 131-чакырымындагы Боом капчыгайынын аймагында (темир жолдун 3901-чакырымында) кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт.

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, таш түшүрүү иштери аба ырайынын шарттарын эске алуу менен, күндүзү саат 10:00дөн 16:00гө чейин аткарылат.

Иш учурунда КР ИИМ Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жол жарым-жартылай жабылат. 

Жол тазаланган учурда унаалар бир тилке менен өткөрүлөт.

Жолду тазалоо учурунда унаа кыймылы бир тилкеге багытталат. Эгерде 30-40тан ашык унаа топтолсо, таш түшүрүү иштери токтотулуп, унаалардын өтүшүнө жол ачылат.

Бул иш-чара унаа жана темир жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында уюштурулууда.

 

 

 

 

 

 

Последние новости