www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 2026-жылдын 3-апрелинде, Бишкекте Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине караштуу бала бакчанын имаратынын пайдубалына мезгил кутусун салуу аземи болуп өттү.
Иш-чарага КР УКМКнын төрагасы генерал-лейтенант Ж.К.Шабданбеков жана КР Курулуш, архитектура жана турак жай - коммуналдык чарба министри Н.К.Орунтаев катышты.
Мамлекеттик курулуш саясатынын артыкчылыктуу багыттары туруктуу жашоо чөйрөсүн калыптандыруу, архитектуралык жана шаар куруу тармактарын өнүктүрүү, турак жай-коммуналдык чарба жана инженердик инфраструктураны модернизациялоо экени баса белгиленди.
Жаңы бала бакча УКМКнын жана башка укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин, ошондой эле муниципалдык жана мамлекеттик кызматкерлердин балдарына ыңгайлуу жана коопсуз мектепке чейинки билим берүү шарттарын камсыз кылуу үчүн түзүлгөн. Мында мекеменин эшиги заманбап билим берүү мейкиндигинде сапаттуу тарбия жана билим алууну каалаган бардык балдар үчүн ачык. Бул ар түрдүү мамлекеттик түзүмдөрдүн балдарынын ортосунда достук мамилелерди өнүктүрүүгө жана социалдык интеграцияга өбөлгө түзөт.
Андыктан, келечек муундар жетишилген натыйжаларды сактап, өнүктүрүп, Кыргыз Республикасынын андан ары өнүгүшүн камсыздайт деген ишеним билдирилди.