www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору М.К.Асаналиев Ош областынын Кара-Суу районунун прокуратурасынын жаңы административдик имаратын ачты.
Башкы прокурор райондук прокуратуранын кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн арттырууга толук шарттар түзүлүп, жаңы имарат мамлекеттин өнүгүүсүндө, мыйзамдуулукту камсыз кылууда жана жарандардын укуктарын коргоодо кызматтык милдеттерди татыктуу аткарууга жаңы дем бере тургандыгын баса белгиледи.
Кара-Суу районунун прокуратурасынын кызматкерлери буга чейин 1972-жылы курулуп, эскилиги жеткен имаратта иштеп келишкен. Жаңы имараттын курулушу кыска мөөнөттө толугу менен аяктап, кызматкерлер заманбап жана зарыл болгон шарттар менен камсыздалды.
Учурда мамлекеттин жетекчилиги тарабынан прокуратура органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого өзгөчө көңүл бурулуп, көзөмөлдөө ишмердүүлүгүн жана жарандарга көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртуу максатында көптөгөн кызматтык объекттер курулууда.