www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто жаңы базардын жетекчиси кармалды

Ош шаарында жаңы базардын жетекчиси кармалды. Ал пара алууга шектелүүдө. 

Бул тууралуу маалыматты шаардык милиция тастыктады.

Маалыматка ылайык, 2-апрелде Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери жаңы борбордук базардын директору А.Б.ны пара алуу фактысы боюнча шектүү катары кармашкан.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Ош ШИИБдин басма сөз кызматы кошумча маалымат кийинчерээк берилерин билдирди.

Белгилей кетсек, ал бул кызматка 2025-жылдын 18-ноябрында дайындалган.

Последние новости