www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 3-апрелинде Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Ангола Республикасынын Тышкы иштер министри Тете Антониу менен телефон аркылуу сүйлөшүү жүргүздү.

Тараптар эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин талкуулап, 2024-жылы өлкөлөрдүн ортосунда дипломатиялык мамилелер орнотулгандан берки өз ара аракеттенүүнүн оң динамикасын белгилешти. Ошондой эле саясий диалогду активдештирүүгө жана жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштурууга өз ара кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Тышкы саясий ведомстволордун ортосунда туруктуу иш байланыштарын сактоо, ошондой эле көп тараптуу аянтчалардагы кызматташууну күчөтүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Последние новости