www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын АКШнын компетенттүү органдары менен жүргүзгөн кызматташтыгынын алкагында эл аралык издөөдө жүргөн Кыргызстандын жараны А.А. мекенине экстрадицияланды.
Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка ылайык, ал бир нече эпизод боюнча алдамчылыкка айыпталып, Кыргызстанга жеткирилгенден кийин тергөө абагына киргизилди.
Тергөөнүн маалыматы боюнча, шектүү жарандардын ишенимине кирүү жолу менен алардын мүлкүн мыйзамсыз ээлеп алып, жалпы суммасы 15 миллион сомдон ашык материалдык зыян келтирген.
Башкы прокуратура белгилегендей, жабырлануучулардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле тергөөдөн жана соттон жашырынып жүргөн адамдардын жоопкерчиликтен качып кетишине жол бербөө боюнча иштер мындан ары да ырааттуу улантылат.