www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украина президентинин аппарат жетекчисинин кеңешчиси Михаил Подоляк “Новое издание” гезитине берген маегинде Индия менен Кытайдын интеллектуалдык потенциалы начар экенин билдирген. 

"Бул мамлекеттердин көйгөйү – алар өз кадамдарынын кесепеттерин талдабагандыгында. Тилекке каршы, бул өлкөлөрдүн интеллектуалдык потенциалы начар. Бул өлкөлөр бүгүнкү күндө бул согуштан эффективдүү акча таап жатышат. Түркия сыяктуу эле бул да улуттук кызыкчылыктар. Биз улуттук кызыкчылыктарыбыздын муктаждыктарын сактап жатабыз дегени - жакшы угулат", - дейт Подоляк.

Ошол эле учурда ал тизмедеги өлкөлөр илимге натыйжалуу инвестиция салып жатканын белгиледи. "Мисалы, Индия өзүнүн космостук станциясын айга кондурду, бирок бул бул өлкө заманбап дүйнө эмне экенин так түшүнөт дегенди билдирбейт" деген ал.

Белгилей кетсек, бул украин бийлик өкүлдөрүнүн биринчи чуулгандуу билдирүүсү эмес. Маселен, 2022-жылдын октябрында Владимир Зеленский орусиялыктардын өлтүрүлүшү боюнча билдирүү жасаган Украинанын Казакстандагы элчиси Петр Врублевскийди кызматтан алган. 

Ошондой эле Украинанын Берлиндеги элчиси Андрей Мельник өзүнүн орой жүрүм-туруму үчүн кызматтан алынган. 

Булак: NazarNews.kg 

 

 

Последние новости