www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кадамжай районунда милиция кызматкерлери чек ара бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан аскер кызматкерлерине жана жоокерлерге мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чараны Кадамжай РИИБдин Исхак-Полотхан айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери Алга айылында жайгашкан чек ара бөлүгүндө өткөрүштү.
Жолугушууда коомдук тартипти сактоо, мыйзам бузууга алып келген аракеттердин кесепеттери, жаштарды жоопкерчиликтүү болууга үйрөтүү жана коомдук тартип талаптарын сактоо боюнча түшүндүрмөлөр берилди.
Ошондой эле катышуучулар менен суроо-жооп форматында талкуу жүргүзүлдү.