www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандан Жапониянын Нагоя шаарында өтө турган Азия оюндарына 168 спортчу катышат.
Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Азия оюндары 19-сентябрдан 4-октябрга чейин өтүп, кыргызстандык спортчулар спорттун 30 түрү боюнча күч сынашат.
Алардын арасында күрөш, бокс, дзюдо, жеңил атлетика, сууда сүзүү, футбол, волейбол менен катар ММА, текбол, гольф жана киберспорт да бар.
Кыргызстандын курама командасынын курамында Олимпиада жана дүйнөлүк мелдештердин байге ээлери Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы жана Мунарбек Сейитбек уулу сыяктуу белгилүү спортчулар бар.
12-сентябрда кыргызстандык спортчуларга мамлекеттик тууну тапшыруу аземи өттү.
Тууну курама команданын капитаны, боксчу Мырзакир Кошалиев Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Урмат Асанбаевден кабыл алды.