www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

12-сентябрда Жалал-Абад облусунда Кыргызстандын Жогорку сотунун Төрагасынын кубогу үчүн сот тутумунун кызматкерлеринин арасында мини-футбол боюнча турнир башталды.

Мелдешке өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген 11 команда катышууда. Алар Жогорку соттун Төрагасынын кубогу үчүн күч сынашат.

Турнирдин ачылыш аземине Жогорку соттун Төрагасы Медербек Сатыев катышып, спортчуларга ийгилик каалады.

Ал мындай спорттук иш-чаралар сот тутумунун кызматкерлеринин ортосундагы достукту, өз ара түшүнүшүүнү жана командалык ынтымакты бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.

«Футбол командалык спорт катары ар бир катышуучудан өз ара түшүнүшүүнү, колдоону жана биргелешип аракеттенүүнү талап кылат. Бул принциптер кесиптик ишмердикте да чоң мааниге ээ», — деди Медербек Сатыев.

Ошондой эле Жогорку соттун Төрагасы спорт сергек жашоо образын калыптандырууда маанилүү экенин белгилеп, мелдешти уюштурууга салым кошкон Жалал-Абад облустук сотунун, жергиликтүү соттордун жетекчилигине жана эмгек жамаатына ыраазычылык билдирди.

Сөзүнүн соңунда ал бардык командаларга ийгилик, кызыктуу жана калыс оюн, татыктуу жеңиштерди каалады.

Последние новости