www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын президенти Владимир Путин БРИКСтин дүйнөлүк экономикадагы ролу өсүп, уюм көп уюлдуу дүйнөнү бекемдөөгө салым кошуп жатканын билдирди.

Ал Нью-Делиде өткөн БРИКС+ саммитинин жыйынтыктоочу жыйынында уюмга мүчө мамлекеттер дүйнөлүк ИДПнын өсүшүнүн 49 пайызын камсыздап жатканын жана алардын өз ара соода жүгүртүүсү 1,2 триллион долларга жеткенин белгиледи.

«БРИКС экономикалардын артыкчылыктарын айкалыштырган жалпы өнүгүү платформасын түзүүгө мүмкүнчүлүк берет», — деди Путин.

Россия лидери ошондой эле БРИКСтин төлөм жана эсептешүү системаларын өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана технологиялык кызматташтыкты кеңейтүү зарылдыгын белгиледи.

Последние новости