www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аялын сабап өлтүргөн деп айыпталган адам 9 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин Ш.К.Б. КР Кылмыш-жаза кодексинин «Ден соолукка атайылап оор залал келтирүү» беренеси менен күнөөлүү деп табылган. Бирок аталган өкүм өзгөртүлдү.  

«Айыпталуучу тогуз жылга эркинен ажыратылды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди», - деп айтылат соттун маалыматында.

Эскерте кетсек, кырсык былтыр 9-майда Бостери айылында болгон. 50 жаштагы киши мас абалында аялын мыкаачылык менен сабап, башына жана ашказанына урган. Аял эсин жоготкондо ал жатып алган. Жабырлануучуну эртеси уулу тапкан. 44 жаштагы аял ооруканага жаткырылып, дарыгерлердин аракетине карабай эсине келбей ооруканада каза болгон. Ысык-Көл райондук соту айыпталуучу аффект абалында кылмыш жасады деп эсептеп, эки жылга эркинен ажыраткан. Соттолуучу тергөө жана соттук териштирүүдө СИЗОдо канча убакыт өткөргөндүгүн эсептеп, сот залынан бошотуп жиберген.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости